Кыргызстанда энелердин волейбол лигасы расмий түрдө иштей баштады. Бул тууралуу бүгүн өлкөнүн Волейбол федерациясынан кабарлашты.
Лиганын алгачкы расмий турнири ноябрь айынын башында Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өтмөй болду.
Волейбол федерациясынын башкы катчысы Кылыч Сарбагышевдин айтымында, энелер лигасы былтыр түзүлгөн. Ага расмий макамдын берилиши менен оюндары федерациянын календарына киргизилди.
Лиганын алгачкы турнири 2016-жылдын май айында өткөн, ага алты команда катышкан.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 40 команда бар. Алардын курамына 40 жаштан жогору курактагы энелер кирет, айрымдарынын 7,8 жана 9 баласы бар. (RK)