Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:27

Акыйкатчы Кубат Оторбаев колдоого муктаж балдардын кызыкчылыгы үчүн кызматтык унаадан баш тартты. Бул тууралуу акыйкатчы каржы министри Адылбек Касымалиевге кат жолдогону бүгүн кабарланды.

Анда Оторбаев өлкөдөгү оор экономикалык абалды жана мамлекеттик казнадагы каражаттын тартыштыгын эске алып жеке унаа алуудан баш тарткандыгы жазылат.

Кызматтык унаа үчүн бөлүнө турган 1 млн 577 миң 100 сомду Кубат Оторбаев муктаж балдардын жатак үйлөрүнүн кем карчын толуктоого которуу өтүнүчүн билдирген.

Мыйзамга ылайык, акыйкатчыга жабдык же унаа алуу үчүн бюджеттен акча бөлүнөт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG