Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Microsoft жана Asseco Кыргызстанда иштөө ыктымалдыгын карай башташты


Сапар Исаков Microsoft жана Asseco компанияларынын жетекчилерин кабыл алды
Сапар Исаков Microsoft жана Asseco компанияларынын жетекчилерин кабыл алды

Дүйнөгө белгилүү Microsoft жана Asseco компаниялары Кыргызстанда иштөө мүмкүнчүлүктөрүн караштырып жатат. Дүйшөмбү күнү премьер-министр Сапар Исаков аталган ишканалардын өкүлдөрүн кабыл алып, санарип экономикага өтүү максатында өкмөт «Таза Коом» улуттук программасын ишке ашырып жатканын айтып берди. Бул үчүн бир катар дүйнөлүк ири компаниялар тартыларын, маселен, санарип медицина долбоору үчүн инвесторлор керек экенин билдирди.

Компьютерлер үчүн программалык камсыздоо боюнча Microsoft жана Европадагы IT технологиялар боюнча алдыңкы холдинг Asseco өкүлдөрү буга чейин ар кайсы өлкөлөрдө ишке ашырылган долбоорлору тууралуу айтып беришти.

Кыргыз бийлиги мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган "Таза Коом" улуттук долбоорун быйыл апрелдин башында жарыялаган. Бул долбоор 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын бир бөлүгү экени маалымдалган.

XS
SM
MD
LG