Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:22

Акча үчүн мектептен чыгарылган баланын иши териштирилет


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги Бишкектеги №32 мектептеги акча чогултуудан жапа чекти деген окуучу боюнча Булан институтунун кайрылуусун кабыл алды. Маселенин чоо-жайын териштирүүнү шаардык билим берүү башкармалыгына тапшырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Айзура Чыкынова "Азаттык" радиосуна билдирди.

Тынчтык инновациялары боюнча Булан институту 30-октябрда 9-класстын мурда жакшы окуп, класстын президенти болгон окуучусу үй-бүлөлүк шартына байланыштуу класста чогултулуучу акчаны бере албай калганын, мугалимдер урушкандыктан сабакка баргысы келбей чүнчүп, мектептен чыгарылганын жарыялаган. Аталган институт бул маалыматтарды окуучу жана анын энесинен алган.

Апасы баласынын сабактан начарлашына, депрессияга кабылышына мектептеги акча чогултууларды себеп катары көрсөткөн. Маалыматка караганда, мектеп окуучусунун апасы экинчи топтогу майып жана алар жакыр турушат.

Буга байланыштуу Булан институту Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигине, Бишкек шаардык мэриясына жана шаардык билим берүү башкармалыгына кайрылып, мектептеги акча чогултууларды текшерип, тиешелүү адамдардын жоопкерчилигин карап чыгууну, №32 мектептин окуучусун ар кандай төлөмдөрдөн бошотууну талап кылган.

Булан институту мектептерде ата-энелерден акча чогултуу тууралуу эки ай бою иликтөө жүргүзгөн. Анын жыйынтыгын жакын арада жарыялай турган болууда. (NT)

XS
SM
MD
LG