Сириянын жаңы Конституциясын жазуу боюнча сүйлөшүүлөр кийинки айда Орусияда өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Орусиянын Сирия боюнча атайын чабарманы Александр Лаврентьев 30-октябрда Астанадагы жолугушуудан кийин билдирди. Орусия Сирия президенти Башар Асаддын негизги колдоочусу. Лаврентьевдин айтымында, Асад өкмөттү жактаган жана каршы чыккан сириялык башка топтор менен сүйлөшүүлөргө катышышы ыктымал.
Орусиянын планына ылайык, ал жыйында жаңжалды “саясий жол менен жөнгө салуу боюнча мунаса табуу” аракети көрүлмөкчү. Президент Владимир Путин ушул айдын башында ошондой сүйлөшүүлөрдүн ыктымалдыгын биринчи болуп айткан.
30-октябрда РИА Новости агенттиги жолугушуу ноябрдын ортосунда Сочиде өтүшү мүмкүн деп жазган. Лаврентьев Орусиянын базасы орун алган Сириядагы Хмейми деген жер да каралып жатканын айтты.
Алты жылдан бери жүрүп жаткан согуш жүз миңдеген кишинин өмүрүн алып, үй-жайсыз калтырды.