Парламентте кыргыз тилин өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттардын колдонулушун текшерүү боюнча жумуш тобу түзүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, парламенттин 14-сентябрдагы жалпы жыйынында берилген тапшырманы аткаруу Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин 30-октябрдагы жыйынында каралды.
КСДПдан депутат Рыскелди Момбеков баяндама жасап, 2014-2020-жылдар аралыгында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык басылып чыккан китептердин баасы кымбат болгонун, бул жерде коррупция бардыгын билдирип, муну иликтеп чыгуу үчүн жумуш тобун түзүүнү сунуштады.
Жыйынтыгында алты депутаттан турган топ түзүлдү.
Буга чейин Момбеков сессияда мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө 2014-2020-жылдарга бөлүнгөн 500 миллион сомдун 142 миллиону гана өздөштүрүлгөнүн айтып чыккан. Каражаттын көбү Билим берүү жана илим министрлиги менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигине тийип, Улуттук тил комиссиясы 2-3 миллион сомго араң жеткен деп билдирген. (NT)