Европа Биримдиги Гаага трибуналы тарабынан согуш кылмыштары үчүн күнөөлөнгөн адамдын Сербиядагы аскердик академияга окутуучу болуп дайындалышы биримдиктин принциптерине каршы келет деп билдирди.
Отставкадагы генерал Владимир Лазаревич 1998-99-жылдары сербиялык армиянын Косоводо жасаган ырайымсыздыктары үчүн 14 жылга кесилген. 2015-жылы бошотулган.
Еврошаркеттин маалымат катчысы Майя Кочианчич «кандуу жаңжалдардын курмандыктарын саясий лидерлер урматташат жана Батыш Балкандагы элдешүүгө өбөлгө түзүшөт деп бекем ишенебиз» - деп билдирди.
"Биримдикке кошулууга умтулуп жаткан Сербия анын принциптерин сактоого тийиш", - деп кошумчалады катчы.
Лазаревич Белград албан жикчилерине каршы куралдуу уруш жүргүзүп жаткан кезде сербиялык куралдуу күчтөрдүн командири болчу. Жаңжалда 10 миңден ашуун киши өлтүрүлгөн. Кан төгүү 1999-жылы НАТОнун 78 күндүк бомбалоосунан киийн гана токтогон. Сербия Косовонун 2008-жылы жарыяланган эгемендигин тааныбай келет.
Белград расмий түрдө Еврошаркетке кирүүнү каалаганы менен айрым саясатчылар жана министрлер улутчул саясатка кайтууну көздөшөт.