Минскиде дүйшөмбү күнү оппозиционер, президенттикке мурдагы талапкер Николай Статкевич кармалды.
Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун беларус кызматына анын жубайы Марина Адамович маалымдады. Анын айтымында, Статкевичти Улуттук коопсуздук кызматынын жанында сталиндик репрессиялардын курмандыктарын эскерүү акциясына катышкандын эртеси кармашкан.
Бүгүн ал Киевде "Чыгыш өнөктөштүгүнүн" Парламентик ассамблеясында чыгып сүйлөмөк.
Катталбаган "Народная громада" партиясынын лидери Статкевич 2010-жылдын декабрында президенттик шайлоого талапкерлигин койгон. Оппозициянын демонстрациясынан кийин кармалып, 2011-жылдын май айында массалык башаламандык уюштуруу деген айып боюнча алты жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга өкүм кылынган.
2015-жылдын жай айында президент Александр Лукашенко анын айыбын кечкен. Ошондон кийин оппозиционерди тартип коргоочулар маал-маалы менен кармап келишет.