Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

Өзбек имамдары азан маселеси боюнча президентке кайрылышты


Өзбекстанда имамдар президент Шавкат Мирзиёевден үн күчөткүч аркылуу азан чакырууга уруксат берүүнү суранышты. Муфтият мындай өтүнүч менен президентке кайрылганын муфтийдин орун басары Абдулазиз Мансур "Азаттык" радиосунун өзбек кызматына тастыктады.

Президентке жөнөтүлгөн кайрылууда аялдарга хижаб кийүүгө уруксат берүү жана мектептерде дин таануу сабагын уюштуруу өтүнүчү да айтылган. Өзбекстанда элди намазга чакырууга расмий түрдө тыюу салынган эмес. Бирок мурдагы президент Ислам Каримовдун тушунда жазылбаган чектөөлөр болгон.

Быйыл Орозо айында Ташкенттеги мечиттердин көбүнө үн күчөткүч аркылуу азан чакырууга уруксат берилген. Конституция боюнча Өзбекстан секулярдык мамлекет.

XS
SM
MD
LG