Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Футбол: Кыргызстан Непалды утту


Кыргызстандын футбол боюнча 19 жашка чейинки улуттук курама командасы. 31.10.2017-ж. Бишкек.
Кыргызстандын футбол боюнча 19 жашка чейинки улуттук курама командасы. 31.10.2017-ж. Бишкек.

Бүгүн, 31-октябрда Бишкекте башталган футбол боюнча 19 жашка чейинки командалар арасында Азия чемпиондугуна тандоо оюндарында Кыргызстандын командасы непалдык атаандаштарын 2:0 эсебинде жеңип алды.

Кыргызстандын футбол федерациясынан билдиришкендей оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Оюндагы алгачкы голду 21-мүнөттө Гүлжигит Бөрүбаев киргизди. Бул эсеп экинчи тайм аяктаганга чейин созулду. Оюндун негизги убакыт аяктагандан кийин беттешке кошумча алты мүнөт убакыт берилди. 95-мүнөттө Алимардан Шүкүров атаандаштарынын дарбазасына акыркы голду киргизип, өз командасынын артыкчылыгын бекемдеди.

Футбол боюнча 19 жашка чейинки курама командалардын (U-19) 2018-жылдагы Азия чемпионатынын тандоо оюндарына 44 команда катышып, 10 тайпага бөлүнүп ойноп жатышат. Тандоо оюндарынын жыйынтыгында биринчи орунду алган 10 команда жана экинчи орундагы мыкты беш команда финалдык бөлүккө жолдомо алышат.

Кыргызстан А тобунда Оман, Непал, Бахрейн жана Бириккен Араб Эмирлигинин жаштар курама командалары менен ойноп жатат. Оюндар 2-4-6-8-ноябрь күндөрү саат 12:00 жана 17:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Кирүү акысыз. Бүгүн саат 17:00дө Оман жана Бириккен Араб Эмирлигинин командалары беттешет. 2-ноябрда Кыргызстандын футболчулары Оман курама командасы менен ойнойт.(ECh).

XS
SM
MD
LG