Улуттук коопсуздук комитети УКМК "Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо кыймылы боюнча чечимдин үстүнөн жогорку инстанцияга даттанат. Бул тууралуу аталган мекеменин расмий өкүлү Рахат Сулайманов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, Биринчи май райондук сотунун чечими боюнча Бишкек шаардык сотуна доо арыз даярдалууда.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту 30-октябрда "Бир дүйнө-Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын Улуттук коопсуздук комитетине каршы арызын жарым-жартылай канааттандырган. Сот атайын кызматты туура эмес маалымат тараткан деп таап, расмий төгүндөөнү милдеттендирген. Укук коргоо кыймылы бул чечимди прецедент деп, жарандык коомдун жеңиши катары баалап жатат.
Укук коргоо кыймылы менен УКМКнын ортосундагы соттошуу жарым жылга созулду.
Бул окуя быйыл январ айында башталган. Анда Улуттук коопсуздук комитети Ошто "Хизбут Тахрир" экстремисттик уюмунун мүчөсү деген шек менен кармалган жарандын үйүнөн өлкөдөгү конституциялык түзүлүштү кулатууга чакырган дисктер менен катар "Бир дүйнө-Кыргызстандын" "Өз укугуңду коргой бил" деген китепчелери табылганын жарыялаган. Ошондой эле анда "тергөөдөгү адамды кармоо маалында "Бир дүйнө - Кыргызстан" уюмунун өкүлдөрү элди чогултуп, чыр чыгарууга аракет кылган" деген маалымат да камтылган. Мындан улам атайын кызматтын өкүлдөрү "тергөө иштерине тоскоолдук жаратуу" деген негизде кылмыш ишин козгоо маселеси каралып жатканын билдирген.
13-февралда "Бир дүйнө-Кыргызстан" жогорудагы маалыматтар уюмдун кадыр-баркына шек келтирерин айтып сотко кайрылган.