Кабулдун дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана эл аралык уюмдар жайгашкан районунда болгон катуу жардыруудан көптөгөн киши жабыркады. Ооганстандын Cаламаттыкты сактоо министрлиги үч киши өлгөнүн, он беш чактысы жарадар болгонун маалымдады. Ооганстандын Коргоо министрлиги катуу кайтарылган "Жашыл зонадагы" жардырууну жанкечти ишке ашырганын билдирди.
- Алдын ала маалыматтар боюнча жанкечти мотоцикл минип жүргөн. Биринчи текшерүү пунктунан өтүп, экинчисинде токтотулганда өзүн жардырып жиберген, - деди министрликтин басма сөз катчысы Давлат Вазири.
Жардыруу болгон жер АКШ элчилигинен 500дөй метр алыс орун алган. Кол салуу үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек. Соңку айларда ооган жергесинде "Талибан" жана "Ислам мамлекети" радикал уюму уюштурган теракттар көбөйдү.
31-майда баш калаада Германия элчилигинин жанында жүк ташыган машина жарылганда 150дөй киши каза болгон, 400дөн ашыгы жараланган.