Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Пучдемон Бельгиядан саясий башпаанек сурабайт


Мадрид тарабынан кызматынан четтетилген Каталониянын жетекчиси Карлес Пучдемон кезексиз шайлоо өткөрүүгө макул болгонун, Бельгиядан саясий башпаанек сурабай турганын билдирди. Бул тууралуу ал шейшембиде Брюсселдеги пресс-конференцияда айтты.

Пучдемон сот адилеттүүлүгүнөн качууга аракеттенбегенин да кошумчалады. Испаниянын прокурору жикчил аймактын жетекчилерине көтөрүлүш боюнча айып тагууну сунуш кылган. Пучдемон испан бийликтеринен кепилдик болгондо гана Каталонияга кайтарын билдирди.

31-октябрда Испаниянын конституциялык соту автономдуу аймактын 27-октябрда кабыл алынган көз карандысыздык декларациясына бөгөт койгон. Каталония парламенти декларацияны жактыргандан бир нече сааттан кийин Испания өкмөтү түз башкаруу киргизип, аймактын парламентин таратып, өкмөтүн иштен алган жана регионалдык мөөнөтсүз шайлоону 21-декабрга белгилеген.

XS
SM
MD
LG