Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:32

Украинанын ички иштер министринин уулу кармалды


Ички иштер министри Арсен Аваковдун уулу Александр Аваковду кармаган учур.
Ички иштер министри Арсен Аваковдун уулу Александр Аваковду кармаган учур.

Украинанын Антикоррупциялык бюросу ички иштер министри Арсен Аваковдун уулу Александр Аваковду кармады. Буга чейин анын Харьковдогу үйүндө тинтүү жүргөнү маалымдалган. Министр “Украинская правда” сайтына маалыматты бышыктап, баласынын үйүнө тартип коргоочулар барганын айтты. Антикоррупциялык мекеме жасаган билдирүүдө көз боёмочулук иши боюнча үч киши, анын ичинде ички иштер министринин мурдагы орун басары жана бизнесмен кармалганы айтылат. Маалыматка караганда, ички мекеме үчүн 2014-2015-жылдары рюкзактарды сатып алууга бөлүнгөн 14 миллион гривна (520 миң доллар) максатсыз пайдаланылган. Бирок Антикоррупциялык бюро кармалган адамдардын ысымдарын атаган жок. Ал эми Ички иштер министрлиги кармоонун артында “мыйзамды сактоо эмес, саясат турат” деп билдирди.

XS
SM
MD
LG