Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:54

Бишкекте салттуу инвестициялык форум болот


Бишкектеги Кыргызстан-АКШ бизнес форумунун катышуучулары. 11-июль, 2017-жыл
Бишкектеги Кыргызстан-АКШ бизнес форумунун катышуучулары. 11-июль, 2017-жыл

ЖИА бизнес ассоциациясы быйылкы жылдын декабрь айынын биринчи жарымында Бишкекте салттуу BIF-2017 Бишкек инвестициялык форумун өткөрүүгө даярданып жатат. Бизнес биримдиктин маалыматы боюнча, форум алкагында ишкерлер үчүн атайын тренингдер уюштурулат. Бул жылы иштеп жаткан орто жана ири ишканалар менен бирге старт-ап долбоорлорду дагы катыштыруу максаты коюлган. 2017-жылы Кыргызстандын түштүк региондорундагы ишкерлерге өзгөчө көңүл бурулат.

BIF – Кыргызстандагы ишкерлер менен потенциалдуу инвесторлордун жолугушуусун камсыздоочу эң ири бизнес аянтчасы болуп эсептелет.

2015-жылы форум алгачкы жолу өткөрүлүп, жыйынтыгында ондон ашуун компания арасында жалпы суммасы 750 000 доллардан ашуун суммадагы макулдашуулар түзүлгөн. Былтыркы форумда 3 млн доллардан ашуун суммага бештен ашуун келишимдер жетишилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG