Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:10

Саратовдогу жол кырсыгынан беш тажикстандык жаран мерт кетти


Быйыл февралда Саратовдогу жол кырсык төрт өзбекстандык, бир тажикстандык мигранттын өмүрүн алган.
Быйыл февралда Саратовдогу жол кырсык төрт өзбекстандык, бир тажикстандык мигранттын өмүрүн алган.

Тажикстандын Москвадагы элчилиги бир кишиден башкасынын тек-жайы такталганын билдирди.

Саратов полициясы маалымдагандай, 30-октябрда Саратов - Нижний Новгород трассасында "КамАЗ" менен кичиавтобус кагылышкан.

Кичиавтобуста негизинен Тажикстандын жарандары болгон. Алдын ала тергөөнүн жыйынтыктары боюнча "КамАЗ" жол эрежесин бузган. Ошол эле маалда кичиавтобус саатына 150 чакырым ылдамдыкта бара жатканы айтылууда.

Жол кырсыгынан беш киши өлүп, алтоо ооруканага жеткирилди.

Тажикстандын Орусиядагы элчилиги маалымдагандай, Volkswagen Caravelle маркасындагы кичиавтобуста Тажикстандын 11 жараны болгон. 21 жаштагы айдоочу Суннатулло Жураев дагы өмүр менен кош айтышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча тажикстандык жарандар мамлекеттик чек арадан өтүп, кайра Орусияга кирүү үчүн Казакстанга бара жатышкан.

XS
SM
MD
LG