1-ноябрда боло турган маалымат жыйынында аталган кыймылдын мүчөлөрү президенттик шайлоонун жыйынтыктарын тааныбасын, мамлекеттик башкаруу саясаты менен макул эместигин жана жүздөгөн мигранттар добуш берүү укугунан ажырап, президентти шайлоого катыша албаганына нааразылыгын билдиришмекчи.
"Макул эмесмин" жарандык кыймылы Кыргызстанда президенттик шайлоодон кийин түзүлгөн. Кыймылдын демилгечиси “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров. Ал президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялаган. Бирок бүгүнкү жыйынга катышпасын Мадумаров "Азаттык" радиосуна билдирди.
Адахан Мадумаров президенттик шайлоого талапкер болуп катышып, 108 миңден ашуун же 5% ашык шайлоочунун добушу менен үчүнчү орунга чыккан.(ZKo)