Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:26

Кыргызстандын бизнес жүргүзүү боюнча эл аралык рейтинги төмөндөдү


Оштогу телевизор чыгарган завод. (Архив)
Оштогу телевизор чыгарган завод. (Архив)

Экономика министрлиги Дүйнөлүк банктын акыркы маалыматтарына таянуу менен Кыргызстан бизнес жүргүзүүдөгү жеңилдиктер индексинде 190 мамлекеттин ичинен 77-орунду ээлегенин билдирди.

Муну менен өлкө мурдагы иликтөөлөргө салыштырмалуу эки позиция ылдыйга түштү.

Doing Business - 2018 ("Бизнес жүргүзүү - 2018") рейтинги 2017-жылдын 1-июнуна карата даярдалган, андан кийин жүргүзүлгөн реформалар эске алынган эмес. Ошол эле маалда Кыргызстандын кредит алуу, келишимдердин аткарылышын камсыздоо, ишканаларды каттоо, курулушка уруксат алуу багытындагы көрсөткүчтөрү жогорулаган.

Дүйнөлүк банктын Doing Business -2017 рейтингинде Кыргызстан 189 өлкө арасында 75-орунга ээ болгон. Ал кезде бизнеске жагымдуу шарт боюнча ѳлкѳнүн кѳрсѳткүчү мурдагы жылга караганда сегиз позицияга начарлаганы айтылган. (NT)

XS
SM
MD
LG