Линктер

дүйшөмбү, 10-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 21:02

Адам сатуунун курмандыктарына макам ыйгаруу сунушталууда


Кыргызстанда адам сатуунун курмандыгы болгон жарандарга аларды социалдык-экономикалык, психологиялык жактан коргоо максатында атайын макам ыйгаруу сунушталууда. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында айтылып, тиешелүү мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтулдү.

Адам сатуунун курмандыгы болгон кыргызстандыктардын көбү чет мамлекеттерде, тагыраагы, Орусияда, Казакстанда жана Түркияда катталып жатканы айтылды.

Мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов бул боюнча статистикалык расмий маалыматтарды келтирди:

- 2013-жылы “адам сатуу” беренесинин негизинде 9 кылмыш иш козголгон, 13 адам жоопко тартылган. 2014-жылы 20 иш козголуп, 15 адам жазаланган. 2016-жылдын 6 айында 7 иш козголуп, 6 жаран кылмыш жообуна тартылды.

Расмий маалыматтар боюнча өткөн жылы Кыргызстанда 175 адам кулчулуктан куткарылган. Алардын тең жарымы кыз-келиндер. Адам сатуунун курмандыгы болгон жаш балдар да жок эмес.

Куткарылган адамдардын ичинен он чактысы гана укук коргоо органдарына кайрылып, бул иштер боюнча он кылмыш иши козголгон. (RK)

XS
SM
MD
LG