Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:52

Москва: латын арибине өтүү Казакстандын ички иши


Григорий Карасин
Григорий Карасин

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасин расмий Москва Казакстандын латын арибине өтүү чечимин “өлкөнүн ички маселеси” деп билерин маалымдады.

"Менимче, бул жагдайда биздин позициябыз жөнөкөй, чын-чынына келгенде кайсы тилди кандай деңгээлде колдонуу – Казакстандын ички иши", - деди Карасин "Россия-24" телеканалына маек берип жатып.

Буга чейин Казакстандагы орус элчиси Михаил Бочарников да Москва Астананын казак арибинен латынга өтүү чечимине “түшүнүү жана урмат менен карай турганын” маалымдаган.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 27-октябрда латын арибиндеги казак тилинин жаңы алфавитин бекиткен. Президент 2025-жылга чейин бардык иш-кагаздар, расмий аталыштар латын арибинде болушу керектигин билдирген. Айрым талдоочулар казак бийлигинин бул кадамын Орусиянын таасиринен арылуу аракети катары баалашууда.

XS
SM
MD
LG