Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:13

Трамп АКШда иммигранттарды текшерүүнү күчөтүүнү тапшырды


чабуул болгон жер
чабуул болгон жер

АКШ президенти Дональд Трамп Нью-Йорктогу чабуулдан кийин өлкөдөгү иммигранттарды текшерүүнү күчөтүүнү буйруду.

"Ички коопсуздук органдарына ансыз да өтө тыкыр текшерүү программасын күчөтүүнү тапшырдым” деп жазды Твиттерге.

Шейшембиде Нью-Йоркто кылмышкер жүк ташуучу унаа менен элди тебелетип, сегиз киши каза тапкан. Ондон ашууну жараат алышкан.

Жергиликтүү айрым маалымат каражаттары кол салууга шектелип бир нече жыл мурда Өзбекстандан АКШ келген 29 жаштагы Сайфулло Саипов кармалганын жазышты.

Бийликтер андан кылмышты жалгыз ишке ашырган деп шектенип жатышат. Бирок айрым медиа иликтөөчүлөр экстремисттик топтун колго жазылган катын табышканын жазышууда.

"Бул терроризм актысы, өзгөчө коркоктук менен бейкүнөө адамдарга карат жасалган теракт", - деди Нью-Йорктун мэри Билл де Блазио.

АКШдагы өзбекстандык мигрант Миррахмат Муминов «Эркин Европа/Азаттык” радиосуна шектүүнү тааный турганын айтты. Айтымында, Саипов 2013-жылы Флоридага келер алдында Огайо штатынын Акрон шаарында жашачу жана жүк ташуучу унааны айдап көп жыл иштеген. Муминов ошондой эле анын аялы, эки баласы бар экенин белгиледи. Шектүүнү аз-маз “агрессивдүү”, бирок Флоридага кеткиче ашкере динчил эмес болчу деп сүрөттөдү. Ошентсе да Саипов теракт жасоого жөндөмдүү деп эч ким ойлобогонун кошумчалады.

"Убер" такси компаниясы Саипов чабуулга чейин аларда айдоочу болуп иштегенин билдирди.

XS
SM
MD
LG