Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:40

Москвада мигранттарды алдады деп шектелген аял кармалды


Кармалган аял
Кармалган аял

Орусияда кыргызстандык мигранттарды алдап акчасын алып жүргөн деген шек менен 51 жаштагы аял кармалды.

Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын ИИМнин Орусиядагы өкүлчүлүгү кабарлады.

"Москва полиция менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында алдамчылык фактылары боюнча шектүү аял кармалды. Ал өзүн Соколова Зоя, профессор, медицина илимдеринин доктору, жогорку даражадагы врач-терапевтмин, кээ бир жерлерден өзүн кыргыз элчилигинин кызматкеримин деп тааныштырып жүргөн. Орусия жарандыгын, паспортторду тез арада алып берем, абакта отурган кыргыз жарандарын боштондукка чыгарып берем деп алдамчылык жолу менен кыргыз жарандарын көптөгөн чыгымдарга учураткан" деп кабарлады өкүлчүлүк.

Азыркы учурда шектүү жаранга карата Москва шаарынын полициясында кылмыш иш козголду.

Бул адамдан жабыркагандар болсо +79268908700 телефон номерине кайрылса болот.

XS
SM
MD
LG