Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:55

БШК Өмүрбек Текебаевди депутаттыктан ажыратты


Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаевди Жогорку Кеңештин депутаты деген макамдан ажыратты.

Бүгүн Боршайком жыйынга чогулуп, Текебаевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу токтом кабыл алды.

Текебаев жана мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотонов орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган деген айып менен быйыл февраль айында камакка алынган. 16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту алардын ар бирин сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкү мамлекетке чегерилсин деген чечим чыгарган.

Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган. Кылмыш ишти Башкы прокуратура козгоп, Улуттук коопсуздук комитети тергеген. Соттолгондор муну оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук деп атап келишет.

Өткөн аптада Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына, Дүйшөнкул Чотонов Молдовановка айылындагы №27 абакка которулган. (NT)

XS
SM
MD
LG