Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

Абдрахматова: Текебаев мандатынан негизсиз ажыратылды


Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандаттан ажыратуу тууралуу чечим мыйзамсыз деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн "Азаттык" радиосуна билдирди.

Айтымында, бүгүн Текебаевдин юристтери БШКга кайрылуу жолдоп, Жогорку Соттон чечим чыкканча мандат маселесин талкуулабай турууну өтүнүшкөн жана бул соттук инстанцияда алардын көзөмөл арызы 20-ноябрда караларын билдиришкен.

- БШК бүгүн шашкалактап Текебаевди мандатынан ажыратып койду, а 20-ноябрда Жогорку Сот ага карата буга чейин чыккан өкүмдөрүнүн ишке ашуусун токтотуп койсо эмне болот? Экинчи маселе, мыйзам боюнча депутат мандатынан ажыратылса, анда кезектеги кийинки адамга мандат беришибиз керек болчу. А БШК төрайымы “жок, кийинки мандатты 20-ноябрга чейин бербей турабыз, себеби эгер Жогорку Сот башкача чечим чыгарса биз туура эмес болуп калбайлы” деп жатат. Эгерде ошондон коркуп жатышса 20-ноябрга чейин мандатты да ажыратпаш керек болчу да.

2-октябрда Бишкек шаардык соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы ӨКМ министри Дүйшөнкул Чотоновго карата райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту алардын ар бирин сегиз жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Алар орусиялык жарандан пара алган деп айыпталды. Бирок өзүлөрү жана тарапкерлери бул айыптоо эч далилге негизделбеген саясий куугунтук экенин айтып келатышат.

Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу чечимин Борбордук шайлоо комиссиясы сот өкүмү күчүнө киргенден кийин бир ай аралыгында кабыл алышы керек экенин 4-октябрда “Азаттык” радиосуна Боршайком мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирген.

Кылмыш ишти Башкы прокуратура козгоп, Улуттук коопсуздук комитети тергеген. Соттолгондор муну оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук деп атап келишет.

Өткөн аптада Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына, Дүйшөнкул Чотонов Молдовановка айылындагы №27 абакка которулган.

Текебаевди мандатынан ажыратуу тууралуу БШК токтомуна анын 12 мүчөсүнүн экөө: Атыр Абдрахматова жана Гүлнара Журабаева каршы добуш беришти. (RK)

XS
SM
MD
LG