Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

"Ак Жол" чек ара бекетинде 200дөй адам кезекте турат


Кыргыз-казак чек арасы
Кыргыз-казак чек арасы

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы "Ак Жол" (Кордай) көзөмөл-өткөрмө бекетинде 200гө чукул адам казак тарапка өтүү үчүн кезек күтүп турат. Бул тууралуу Чек ара кызматынын өкүлү Салкын Абдыкариева "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде абал мурункудай эле. "Ак Жол" бекетинде 200гө жакын адам, 40ка жакын автоунаа бар. Алар негизинен маршруттук такси, жеңил машинелер жана автобустар. Ал эми оор жүк ташуучу автоунаалар өткөн "Ак Тилек" көзөмөл-өткөрмө бекетинен өтө албай турган машинелердин саны 480ге жакын. Казак тарап күндөгүдөй эле саатына 6-7 фура өткөрүп жатат. Кечээ Кыргызстандан Казакстанга 114 жүк ташуучу автоунаа өткөн. Таластагы "Чоң-Капка" бекетинде 60тан ашык жүк ташуучу, 10дой жеңил машине турат. Бул жерден жеңил машине бат-бат өткөрүлүп, саатына 10-15тей оор жүк ташуучу транспорт кое берилүүдө.

10-октябрдан тарта Казакстан чек араларда текшерүүнү күчөткөн. Муну Кыргызстандагы президенттик шайлоо менен байланыштырган. Учурда "Ак Тилек" бекетинин жанында оор жүк ташуучу автоунаалар узун кезек күтүп, алардын катары 10 чакырымга созулуп кетти.

8-октябрда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев казак бийлигин сындаган эле. (NT)

XS
SM
MD
LG