Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

Францияда өзгөчө кырдаал режими токтотулду


Париж
Париж

1-ноябрдан тарта Францияда өзгөчө кырдаал режими токтотулду. Анын ордуна экстремизмге каршы жаңы мыйзам иштей баштады. Ага ылайык, полиция экстремисттик чакырыктарды жасаган диний уюмдарды жана жайларды жаап коё алат.

Өлкөдө өзгөчө кырдаал режими эки жыл мурда Париждеги терактка байланыштуу киргизилген. Алты жолу узартылып, 719 күнгө созулду. Ал учурда төрт жарым миңдей рейд өткөрүлдү.

2015-жылдын 13-ноябрында Парижде рок концерт өтүп жаткан клуб, бир нече кафе, футбол стадиону бутага алынып, 130 кишинин өмүрү кыйылган. Координацияланып ишке ашырылган теракттарды «Ислам мамлекети» радикал уюмуна жакын экстремисттер уюштурушканы белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG