Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгы милиция жана ата-энелер менен биргеликте №32 мектептеги окуяны териштирүүдө.
Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна мекеменин Свердлов району боюнча куратору Гүзел Турдубаева билдирди.
- Мектепке акча чогулткан ата-энелер фондунун жетекчилигинин айтымында, ал жерде 1600 бала окуйт, анын 900гө жакыны фондго акча төлөбөйт экен. Бул тизмеде ошол бала да бар, ал бир тыйын төлөбөйт деп айтышты. Сабактарды калтырбайт экен, бирок даярданбай келгендиктен экилери көп экен.
Тынчтык инновациялары боюнча Булан институту 30-октябрда 9-класстын мурда жакшы окуп, класстын президенти болгон окуучусу үй-бүлөлүк шартына байланыштуу класста чогултулуучу акчаны бере албай калганын, мугалимдер урушкандыктан сабакка баргысы келбей чүнчүп, мектептен чыгарылганын жарыялаган. Аталган институт бул маалыматты окуучу жана анын энесинен алган.
Апасы баласынын сабактан начарлашына, депрессияга кабылышына мектептеги акча чогултууларды себеп катары көрсөткөн. Маалыматка караганда, окуучунун апасы экинчи топтогу майып жана алар жакыр турушат.
Буга байланыштуу Булан институту Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигине, Бишкек шаардык мэриясына жана шаардык билим берүү башкармалыгына кайрылып, мектептеги акча чогултууларды текшерип, тиешелүү адамдардын жоопкерчилигин карап чыгууну, №32 мектептин окуучусун ар кандай төлөмдөрдөн бошотууну талап кылган. (TSh)