Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

Doing Business: Грузия постсоветтик өлкөлөрдүн сап башында


Doing Business-2018 логотиби
Doing Business-2018 логотиби

Дүйнөлүк банктын Doing Business – 2018 (Бизнес жүргүзүү) рейтингинде постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Грузия эң алдыда. Бул өлкө быйыл 9-орунга коюлуп, былтыркыдан жети позиция алдыга жылган.

Бизнес баштоонун жеңилдиги, электр менен камсыздоо, кичи акционерлерди коргоо, келишимдерди аткаруу, төлөөгө жөндөмсүздүк маселесин чечүү критерийлери боюнча жылыштар өлкөнүн рейтингин жакшырткан.

Жалпы рейтингде Орусия 35, Казакстан 36, Өзбекстан 74, Тажикстан 123-орунда.

Ал эми Кыргызстан 77-орунга коюлуп, былтыркыдан эки тепкич артка кеткен. Былтыр Кыргызстан андан мурдагы жылдагыга караганда бизнеске жагымдуу шарт түзүү рейтингинде сегиз позицияга начарлаган болчу.

Дүйнөлүк банк жалпысынан 190 өлкөдөгү ишкерликтин абалын изилдеп чыккан.

XS
SM
MD
LG