Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:56

Ооганстан Өзбекстан үчүн ирандык портторго жол ачары кабарланууда


Ирандагы деңиз портторунун бири.
Ирандагы деңиз портторунун бири.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани жакынкы күндөрү Өзбекстанга барып, кызматташтык меморандумуна кол коеру күтүлүп жатканын ооган маалымат каражаттары кабарлашты.

Маалыматка караганда, жолугушууда темир жол тармагындагы кызматташуу башкы темалардын бири болот. Тагыраагы, Ооганстандын түндүгүндөгү Мазари-Шарифтен түндүк-батышындагы Герат провинциясына чейин темир жол линиясын салуу тууралуу сөз жүрүп, Өзбекстан ал линиянын бир бөлүгү болушу ыктымал делет.

Кабулдагы темир жол департаментине таянган Talonews басылмасы Ташкент аны ишке ашырууга кызыкдар экенин маалымдоодо. Департамент жетекчисинин орун басары Абдул Бари Седдики жол салынып калса, Өзбекстанга Ирандын деңиз портторуна түз жол ачыларын белгилейт.

Басылма ошондой эле долбоор Өзбекстан, Ооганстан, Кыргызстан, Иран жана Кытайдын соода-сатыгын арттырарын божомолдойт.

XS
SM
MD
LG