Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:48

Орусиянын федералдык кеңеши "Твиттерге" жарнама бербөөгө чакырды


 Russia Today телеканалынын кеңсеси.
Russia Today телеканалынын кеңсеси.

Орусиянын федералдык кеңеши өз сунушун АКШ бийликтеринин орусиялык маалымат каражаттарын кодулоосуна жооп деп белгилөөдө. Бул тууралуу "Интерфакс" агенттиги жазды.

Жыл башында америкалык атайын кызматтар АКШдагы президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишкени туралуу баяндама жасашкан. Анда көбүнчө Кремл тарабынан каржыланган Russia Today жана Sputnik агенттиги жөнүндө сөз айтылган болчу. Баяндамада Орусия бул маалымат каражаттарын батыштын "либерал демократиялык тартибин" бузуу жана Хиллари Клинтонду каралоо үчүн пайдаланган деп айтылат. Кремл муну төгүндөгөн.

Өткөн жумада "Твиттер" Russia Today телеканалынан жана Sputnik агенттигинен жарнама алууну токтоткон. Бул маалымат каражаттарынын жарнамасынан акыркы эки жылда алынган акчаны компания АКШдагы президенттик шайлоону иликтөөгө бермекчи.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги "Твиттердин" чечимин "сөз эркиндигине кысым жасоо" деп баалап, жооп чаралары болорун билдирген. Москва АКШ бийликтеринин Russia Today телеканалынан каржы булактарын ачыктоосун жана Кремл менен байланышын маалымдоосун талап кылуусун телеканалга жасалган басым деп баалоодо. Russia Today бул талаптарды аткарбай келе жатат.

XS
SM
MD
LG