АКШнын прокурорлору өзбекстандык иммигрант, 29 жаштагы Сайфулло Саиповго сегиз кишинин өлүмү боюнча айып такты.
Сайфулло Саипов 31-октябрь күнү Нью-Йорктун Манхэттен аймагында велосипедчендер жүрчү жолго жүк ташуучу унаасы менен кирип, адамдарды тебелетип кеткен. Натыйжада сегиз киши өлүп, 11 адам түрдүү жаракат алган. ФБР Саиповдун шериги, өзбекстандык 32 жаштагы Мухаммадзоир Кадиров изделип жатканын маалымдады.
Сайфулло Саипов террордук "Ислам мамлекети" тобун каржылоого жана колдоого байланыштуу да айыпталууда.
АКШ бийликтери Сайфулло Саиповдун аракетин теракт деп тааныган.
Автоунаа менен болушунча көп адамды тебелетүү кылмышы Кошмо Штаттарында биринчи ирет болууда. Теракттын мындай түрү Европада акыркы эки жылда он жолу катталган.