Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:34

"Жашоо азыр жана ушул жерде ыңгайлуу" деген сүрөт көргөзмө өтөт


иллюстрация
иллюстрация

Көргөзмө Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде 2-ноябрда расмий ачылат. Анда "Жашоо азыр жана ушул жерде ыңгайлуу" сынагына катышкан сурөтчүлөрдүн эмгектери көрүүчүлөрдүн назарына сунушталат. Иш-чаранын ачылышында сынактын катышуучуларына байгелер тапшырылат.

"Жашоо азыр жана ушул жерде ыңгайлуу" деп аталган сынак Кыргызстанда быйыл үчүнчү ирет өткөрүлүүдө. Аталган сынак жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жаатындагы көйгөйлөрдү жана аны чечүүнүн жолдорун сүрөт менен көрсөтөт.

Быйыл сынакка жалпысынан 84 автор 178 эмгеги менен катышып жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG