Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:46

Чек арадагы кырдаалдын ишкерликке тийгизген терс таасири талкууланат


Казакстанга өтө албай турган автоунаалар.

2-ноябрда өтө турган жыйында экс-премьер-министр Темир Сариев, экс-вице-премьер-министр Олег Панкратов, "Дордой" базарындагы кесиптик кошуун башчысы Дамира Дөөталиева жана башка экономисттер чек арадагы кырдаалды тез арада чечүүнүн бир нече варианттарын талкуулашмакчы.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылы 12-августтан тарта мүчө. Ал кезде Темир Сариев өкмөттү жетектеп, ал эми Олег Панкратов анын экономика боюнча орун басары болчу.

10-октябрдан тарта Казакстан чек арасын бир тараптуу бекемдеп, текшерүүнү күчөткөн. Натыйжада Кыргызстандан Казакстанга багытталган 400 тонна жашылча-жемиш "ЕАЭБ талаптарына жооп бербейт" деген негиз менен артка кайтарылган. Жакында Алматыда Кыргызстандан барган сүт азыктары жок кылынган. Ошондой эле 3,5 тонна форель балыгы менен 15 кг форель икрасы жараксыз деп табылган.

Октябрдын башында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев казак бийлигинин дарегине бир катар сын айтып, өздөрүнө ыңгайлуу талапкерин таңуулоого аракет кылып жатышат деп билдирген. Көп өтпөй кыргыз-казак чек арасында текшерүү күчөтүлүп, узун кезек пайда болгон.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG