Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Зилалиев: Кышты электр энергиясынын таңсыктыгысыз баштап жатабыз


Дүйшөнбек Зилалиев
Дүйшөнбек Зилалиев

Кыргызстан быйыл соңку жылдары алгачкы жолу кышкы сезонду электр энергиясынын таңсыктыгысыз баштап жатат. Бул тууралуу бүгүн парламентте кышка карата даярдык боюнча маалымат берип жатып вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев билдирди:

- Токтогул суу сактагычында суу топтоонун алга карай темптеринин жана өкмөттүн аны сарамжал пайдалануу боюнча өз убагында көргөн чараларынын аркасында электр энергиясын ички рынокко эмес, тышкы рынокко да сатууну камсыздоо жана коңшу мамлекеттерге электр энергиясын экспорттоо ишке ашырылууда. Акыркы жылдарда биринчи жолу энергия системасы жылытуу мезгилин электр энергиясынын дефицитисиз баштаганын белгилей кетүүбүз зарыл. Өкмөттүн “Жаңы доорго 40 кадам” программасында электр энергиясын жылытуу, ысык суу менен жабдуу жана тамак-аш даярдоо максатында пайдалануунун техникалык шарттарын берүүгө чектөөлөр алынып салынды.

Белгилүү болгондой, мындай чектөө 2011-жылы кирген болчу.

Буга чейин Кыргызстанда Токтогул суу сактагычында суунун тартыштыгынан улам кышкы мезгилде өлкө бир-топ энергетикалык кыйынчылыктарга тушуккан. (RK)

XS
SM
MD
LG