Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

Өкмөт көмүрдүн баасын жөнгө салат


Өкмөт Кыргызстанда казылып алынуучу көмүрдүн баасын төмөндөтөт. Бул үчүн мамлекеттик жөнгө салуу ыкмасы киргизилерин бүгүн парламентте маалымат берип жатып вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев билдирди:

- Эки-үч жыл түштүк региондордо көмүрдүн баасы туруктуу болчу. Азыр Тажикстан, өзгөчө Өзбекстан ачылганы көмүр кымбаттап кетти. Эки-үч жума ичинде түздөн-түз мамлекеттик жөнгө салуу ыкмасын киргизебиз өкмөттүн чечими менен. Бааларды кармайбыз. 7 сомдон түшүрөбүз. Монополияга каршы мекеме разрездин өзүндө 1200 сом деп аныктап берген. Ташууга кеткен чыгымдарды эске алыш керек.

Бүгүн Жогорку Кеңеш кышка даярдыкты талкуулап жатат. Депутат Төрөбай Зулпукаров Кыргызстандын түштүк аймагында көмүр баасы өтө жогорулап кеткенин айткан болчу. Анын белгилешинче, былтыр бир тонна 4 миңдин тегерегинде болсо быйыл 8-9 миңге чыгып кеткен.

Кыргызстандын түштүк аймагында көмүр негизинен Таш-Көмүрдө жана Сүлүктүдө өндүрүлөт. (RK)

XS
SM
MD
LG