Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:42

Кыргыз-казак чек арасында тыгын азая элек


Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак Жол" өткөрмө бекети
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак Жол" өткөрмө бекети

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттерде абал өзгөрө элек. Чек ара кызматынан "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, "Ак Жолдо" саат 10дон кечки 5ке чейин 100-300дөй киши жана 30-40тай жеңил машине, маршруттук такси, автобустар кезекке туруп калууда.

"Ак Тилек" бекетинде кезек күткөн оор жүк ташуучу машинелердин саны 400дөн ашуун, алардын катары 12 чакырымга созулат. Бул бекет аркылуу казак тарап бир саатта 6дан 10го чейин фура өткөрүп жатат. 1-ноябрда 115 фура өткөрүлдү, арасында жүгү жок машинелер да бар.

Таластагы "Чоң Капка" өткөрүү жайында 120га жакын транспорт каражаты турат. "Чалдыбарда" киши жана автоунаа тыгыны жок.

Буга чейин чек арадагы абалдан ишкерлерге келтирилген чыгымды баалоо боюнча өкмөттүк комиссия түзүлгөн.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек ара көйгөйү 10-октябрда башталып, казак бийлиги ары-бери өткөн жарандарды, автоунааларды текшерүүнү күчөткөн. Астана өз кадамын Кыргызстандагы шайлоо, андан кийин Кытайдан келген аткезчиликке каршы күрөшкө байланыштырган. Ага чейин 8-октябрда президент Алмазбек Атамбаев казак бийлигин сындаган. (NT)

XS
SM
MD
LG