Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Исаков Өзбекстандын премьер-министри менен жолугушат


Ташкент.
Ташкент.

Премьер-министр Сапар Исаков баштаган Кыргызстандын делегациясы КМШ өкмөт башчылардын 3-ноябрдагы жыйынына катышуу үчүн Өзбекстандын борбору Ташкентке барды. "Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, бүгүн Исаков өзбекстандык кесиптеши Абдулла Арипов менен жолугушат. Анда кыргыз-өзбек кызматташтыгы, чек ара маселеси талкууланары күтүлүп жатат. Ошондой эле бүгүн анын Беларус премер-министри менен жолугушуусу белгиленген.

Сапар Исаков жетектеген делегацияны Ташкенттеги аэропорттон Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Нодир Отажонов тосуп алды.

Эртеңки саммит алкагында да эки тараптуу жолугушуулар болору айтылды.

Кыргызстандын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов, Кыргызстандын Өзбекстан жана Беларустагы элчилери, экономика министри Артем Новиков, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, байланыш жана маалыматтык технологиялар мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абасканов, чек ара маселелери боюнча өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров жана башкалар бар.

Саммит алкагында кыргыз-казак чек арасы боюнча Казакстандын премьери Бахытжан Сагинтаев менен сүйлөшүү болор-болбосу азырынча айтыла элек. (NT)

XS
SM
MD
LG