Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:23

АКШ: Саиповго терроризм боюнча айып тагылды


Нью-Йоркто​ 8 адамды өлтүрүп, 12 кишини жаралоого шектелген Сайфулло Саиповду "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмуна шыктанган деп, прокурорлор ага терроризм боюнча айып тагышты.

Ошондой эле анын эки телефонунун бириндеги 90 видеоролик менен 3800 сүрөттүн көбү ИМ террордук тобунун пропагандасына байланыштуу экенин, анын ичинде башы алынгандардын, атылгандардын же танкка тебелетилгендердин сүрөттөрү табылганын билдиришти.

1-ноябрда Манхэттендеги сотто прокурорлор Саипов өзү жаткан палатага ИМ террор тобунун желегин алып келүүнү талап кылганын, жасаган ишине өкүнбөсүн айтышкан. Шектүүнү полиция кылмыш болгон жерде жарадар кылып колго түшүргөн болчу.

Прокурорлор Саипов сурак учурунда чабуулду ачык моюнга алганын белгилешти.

АКШ президенти Дональд Трамп шектүүнүн жоруктарынан улам ага "өлүм жазасы берилиши керектигин" "Твиттерге" жазды.

XS
SM
MD
LG