Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:48

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү жыл сайын 7-8-ноябрда белгиленет


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеӊеш ар жылы 7-8-ноябрь күндөрүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгилөө жөнүндө токтом кабыл алды. Ошондой эле, бул токтом аркылуу майрам күндөрүнө байланыштуу мурда кабыл алынган бир катар токтомдор жокко чыгарылууда. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жакында президент Алмазбек Атамбаев «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүн белгилөө жөнүндө» жарлыгы жарыяланып, анда Жогорку Кеӊешке тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү чарасы сунушталган.

Ушу тапта кыргыз парламентинде ар жылы7-8-ноябрь күндөрүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгилөө максатында иштелип чыккан “Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору да каралууда.

XS
SM
MD
LG