Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:27

RFE/RL журналисттерди куугунтуктоону токтотууга чакырат


Томас Кент
Томас Кент

"Эркин Европа/Азаттык радиосунун" (RFE/RL) президенти Томас Кент аталган корпорациянын журналисттери куугунтукталган бир нече фактыларды эске салып, бийликтерди журналисттердин коопсуздугун камсыздоо боюнча эл аралык милдеттенмелерди урматтоого чакырды.

"2017-жылы журналисттерибиз биз иштеген Орусия Федерациясында, Украинада, Беларуста, Пакистанда, Ооганстанда, Казакстанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда, Арменияда, Азербайжанда, Македонияда жана башка өлкөлөрдө 34 жолу чабуулга туш болушкан. Бул - денесине залал келтирүү, камакка алуу, сурактар, коркутуулар, сот өкүмдөрү, электрондук коркутуулар, жабдыктарын тартып алуулар", дейт Кент.

Радио президентинин айтымында, жогорудагы окуялардын көпчүлүгүндө жооптуулар жазага тартылбаса, дагы бир тобунда бийлик өкүлдөрүнүн ишмердиги мыйзамсыз болгон.

"Журналистика - коомдун өзүнө жасаган кызматы. Биз иштеген өлкөлөрдө журналистикада иштегендер олуттуу тобокелчиликке барышат" дейт Том Кент.

RFE/RL эркин пресса болбогон же жаңы гана калыптанып келаткан 23 өлкөдө (анын ичинде Кыргызстанда) 25 тилде көз карандысыз негизде иш жүргүзөт.

БУУ чечимине ылайык, 2-ноябрь журналисттерге каршы кылмыштардын жазаланбай калышын токтотуунун эл аралык күнү.

XS
SM
MD
LG