Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Ташкентте кыргыз-өзбек өкмөт аралык кызматташтыгы талкууланды


Сапар Исаков жана Абдулла Арипов
Сапар Исаков жана Абдулла Арипов

Ташкентте кыргыз жана өзбек премьер-министрлеринин жолугушуусу өттү. Сапар Исаков Өзбекстандын борборуна КМШ саммитине катышуу үчүн барган.

Өкмөттүн маалыматына караганда, жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланды.

Абдулла Арипов ортодогу соода-сатык мүмкүнчүлүгү толук колдонулбай жатканын айтып, быйыл жыл башынан бери соода жүгүртүүнүн көлөмү 193 млн долларды түзгөнүн билдирди. Анын белгилешинче, бул көрсөткүчтү 500 млн долларга чейин жеткирсе болот.

Өзбек тарап чек ара аймактарында жайгашкан облус башчыларынын биринчи жыйынын Өзбекстанда өткөрүү сунушун айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG