Быйыл 8-ноябрь Кыргызстанда иш күн болот. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты.
Бүгүн Жогорку Кеңеш өз токтому менен өлкө президентинин 7-8-ноябрь күндөрүн жыл сайын Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү катары белгилөө тууралуу сунушун колдоого алган токтом чыгарды.
Буга байланыштуу 8-ноябрды календарда дем алыш деп жарыялоо үчүн "Эмгек кодексин" өзгөртүү киргизилиши зарыл.
Мындай мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште кечээ 1-ноябрда биринчи окууда кабыл алынды. Андыктан, “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 3 окуудан кабыл алынгандан кийин гана 8-ноябрь жумуш эмес күн катары жарыяланат.