Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:04

Активист Таласта пландалган митинг боюнча УКМКга чакырылганын айтты


Таластагы митинг, 29.10.2017
Таластагы митинг, 29.10.2017

Кыргызстандагы айрым жарандык активисттер Улуттук коопсуздук комитетине чакырылды. Бул маалыматты аталган мекеменин пресс- катчысы Рахат Сулайманов “Азаттык” радиосуна тастыктап:

- Массалык башаламандык уюштуруу боюнча мурда козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн чакырылган, - деп билдирди.

Бирок бул кылмыш иш качан козголгону белгисиз.

Оппозиционер активист Адил Турдукулов УКМКга Аманбек Бабакулов жана Төрөкан Жунусбаев аттуу жарандар чакырылганын маалымдап, өзүнүн Фейсбук баракчасына алардын аты-жөнү жазылган чакыруу кагаздары деген сүрөттөрдү жайгаштырды.

“Азаттык” Бабакулов менен байланышканда ал УКМКга 3-ноябрда Таласта болот митинг боюнча чакырылганын, бирок адвокатсыз баргандыктан алардын суроолоруна жооп бербегенин билдирди. Ошондой эле ал митингге катышар-катышпасын азырынча айта албасын кошумчалады.

Бабакулов 29-октябрда Талас шаарында өткөн акцияга катышкан. Анда облустук акимчилик алдына 300гө жакын адам чогулуп, “президент кечирим сурашы керек" деген резолюция кабыл алышкан.

Алмазбек Атамбаев 18-октябрда жогорку окуу жайларынын алдынкы студенттери менен жолугушууда Таластын айрым тургундарын сынга алган. Анда мамлекет башчы шайлоодон кийинки митингде "Манас" эпосун уккусу келбегендерди сындап, эпостогу терс каармандардын тукумдары катары атаган.

Таластын мэри Айдар Жусупбеков акцияны өткөрүү үчүн расмий уруксат алынбаганын билдирип, элди тынч тароого чакырган. (RK)

XS
SM
MD
LG