Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:23

ТИМ чет өлкөдөгү Кыргызстандын мүлктөрү тууралуу маалымат берди


Сапар Исаков менен Өзбекстандын премьер-министр Абдулла Арипов.
Сапар Исаков менен Өзбекстандын премьер-министр Абдулла Арипов.

Үстүбүздөгү жылы Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Манхэттен аймагындагы имаратка ээ болду.

Бул тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаков Ташкент шаарындагы Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин имаратына баш баккан учурда билдирди. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кошумчалагандай бул имарат БУУнун баш кеңсесинин жанында жайгашкан жана мындан ары дипломаттарга кызмат кылат.

Абдылдаев ТИМ Орусиянын Екатеринбург шаарында да өздүк кеңсеге ээ болгонун, учурда Москвада да ылайыктуу имарат изделип жатканын кошумчалады. Сауд Арабия менен Түркияда да Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлерине тиешелүү имарат курулганы турганын өкмөт башчыга маалымдады:

- Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында имараттын курулушу башталды. Мындан башка жакынкы арада Анкара шаарында Кыргызстандын ТИМине тиешелүү имараттын курулушун баштаганы жатабыз. Мунун баары Кыргызстандын менчиги болмокчу жана бардыгы гранттык акчага курулуп жатат.

Эрлан Абдылдаев алмашуу жолу менен Кытайдын борбору Бээжин шаарында элчиликтин имараты жана кызматкерлер үчүн турак үй салынарын айтты. Курулуштун мөөнөтү бир жарым жылга чейин созуларын айткан министр, тийиштүү документтер макулдашуудан өтүп жатканын кошумчалады.

Бүгүн премьер-министр Сапар Исаков баштаган бир катар өкмөт мүчөлөрү Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында боло турган КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышканы келди. (SDz)

XS
SM
MD
LG