Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Британия: чуулгандуу министрдин ордуна жаңысы келди


Гэвин Уильямсон
Гэвин Уильямсон

Британиянын өкмөт башчысы Тереза Мэй Коргоо министрлигине Гэвин Уильямсонду дайындаганын Bloomberg агенттиги кабарлады.

41 жаштагы Уильямсон 2010-жылы британ парламентине шайланган. Андан кийин Транспорт министрлигинде иштеп, өткөн жылы Консервативдик партиянын башкы парламенттик уюштуруучусу кызматына келген.

Ал эми Коргоо министрлигин жетектеп келген Майкл Феллон "ылайыксыз сексуалдык жоруктарына" байланыштуу айыптоолордон улам 1-ноябрда кызматынан кетүүгө арыз жазган.

Айрым маалымат каражаттары Феллонду 15 жыл мурда Жулия Харли-Брюер аттуу журналист менен түштөнүп отуруп, анын тизесине колун койгонун жазып чыккан. Бул маалымат өлкөдө кызуу талкууларды жараткан. Фэллон ошондон кийин буга чейинки айрым жүрүм-турумдары аскер кызматкерине коюлган талаптарга жооп бербесин моюнга алган.

XS
SM
MD
LG