Нью-Йоркто сот 29 жаштагы Өзбекстандын жараны Сайфулло Саиповго сегиз кишинин өлүмү боюнча жана террордук уюмдарга материалдык көмөк көрсөткөн деген айып такты. Ал ондогон кишилерди тебелетип кеткен. Алардын сегизи каза таап, 11 киши жараат алган. Сотто Саипов бул аракетине өкүнбөй турганын жана колдон келишинче көп кишини өлтүрүүнү каалаганын билдирди.
Нью-Йорктогу теракт 31-октябрда болгон. Өзбекстан жараны кол салуу күнүн бекер тандаган эмес: Хэллоуинди майрамдоо учурунда көчөдө эл көп болот деп ойлогон.
Ал бул иши бир жыл мурда эле пландаганын, эки ай мурун даярданып баштаганын айтты. Саипов көп кишини тебелетип, Бруклин көпүрөсүнө чейин жетүүнү көздөгөнүн, бирок кокустан автобус менен сүзүшүп калганын кошумчалады.
Ал бул аракетине ИМ тобунун видеолору дем бергенин билдирди. Жүк ташуучу унааны 22-октябрда ижарага алган.
Адам өлтүрүүдөн тышкары Саиповго террордук уюмду материалдык жактан колдоо айыбы дагы тагылды.
Сайфулла Саипов Ташкентте туулуп-өскөн, 2010-жылы лотереяда грин-карта утуп алып, АКШга келген. Алгач Флоридада, андан соң Огайодо жана акыркы убактарда Нью-Жерсинин Паттерсон шаарында жашаган. Саиповдун тааныштары аны каржы көйгөйлөрү бар агрессивдүү жигит катары сыпатташкан, бирок радикал экени байкалган эмес.
Ташкентте Саиповдун үй-бүлөсү колунда бар, динге анчалык берилбегендердин катарына кирет. Ал 2009-жылы Ташкент финансы институтун бүтүргөн. Окуу жайын аяктагандан кийин борбордогу "Саехат" мейманканасында бухгалтер болуп иштеген.