Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:51

Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдында пикет өтөт


Кыргыз-казак чек арасында турган жүк ташуучу унаалар
Кыргыз-казак чек арасында турган жүк ташуучу унаалар

Кыргыз-казак чек арасын ачуу талабы менен пикет Борбор Азиядагы адам укугу конгресси тарабынан өтөрүн аталган конгресстин өкүлү Турсунбек Акун Азаттыкка билдирди.

Анын айтуусунда 5-ноябрга чейин чек ара ачылбаса, Кыргызстандын ЕАЭБден чыгуусун, ЕАЭБ жана ЕККУга кайрылып, адам укугун бузуп жатканына байланыштуу Казакстанга экономикалык санкция жарыялоону талап кылышат:

- 5-ноябрга чейин чек ара ачылбаса, жарандардын эркин жүрүү укугун бузуп жатканына байланыштуу биз Казакстанга экономикалык чаралар көрүлүшүн талап кылабыз.

Турсунбек Акун кошумчалагандай, пикет өткөрүүгө Казакстан элчилигинен уруксат алынган.

10-октябрдан тарта Казакстан чек арасын бир тараптуу бекемдеп, текшерүүнү күчөткөн. Натыйжада Кыргызстандан Казакстанга багытталган 400 тонна жашылча-жемиш "ЕАЭБ талаптарына жооп бербейт" деген негиз менен артка кайтарылган.

Жакында Алматыда Кыргызстандан барган сүт азыктары жок кылынган. Ошондой эле 3,5 тонна форель балыгы менен 15 килограмм форель икрасы жараксыз деп табылган.

Октябрдын башында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев казак бийлигинин дарегине бир катар сын айтып, өздөрүнө ыңгайлуу талапкерин таңуулоого аракет кылып жатышат деп билдирген. Көп өтпөй кыргыз-казак чек арасында текшерүү күчөтүлүп, узун кезек пайда болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG