Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:55

Үсөнов: Президент таластыктардын атын жамынган бир ууч топтон кечирим сурабайт


Алмаз Үсөнов.
Алмаз Үсөнов.

Президенттик аппараттын жетекчиси Алмаз Үсөнов Таластагы митинг жана анда айтылган талаптар тууралуу "Азаттык" радиосуна комментарий берди. Ал Таластагы митингдин артында "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери, 15-октябрдагы президенттик шайлоодо ат салышкан Өмүрбек Бабановдун тарапкерлери турат деп эсептейт. Үсөнов президент Алмазбек Атамбаев Манас жөнүндө туура айткан жана таластыктардын атын жамынган бир ууч топтон кечирим сурабайт деп кошумчалады:

- Бабановдун жактоочуларынын митингине катышкандар Манас бабабыздын Каныкей апабызга өлүм алдында айткан керээзин укпай ката кетиришкендерин моюнга алышы керек. Мусулмандар үчүн Куран ыйык. Эгерде облустун имамы эл алдына чыгып, Курандан сүрөө окуса, ал эми адамдар ышкырып, кыйкырышса, аларды өз динин сыйлабаган динсиздер дешмек да, туурабы? “Манасты” Абыке-Көбөштүн тукумдары гана уккусу келбейт. Президенттин митингчилердин ушул жоругун айыптаганы туура болгон. Бабановчулар сөз нугун башка жакка буруп, элди козутканды коюп, мындан туура жыйынтык чыгарышы керек.

Президент Алмазбек Атамбаев 18-октябрда мыкты окуган студенттерге стипендиялардын сертификаттарын тапшырып жатып Таласта шайлоодон кийин өткөн митингди сынга алган. Акция катышуучулары “Манас” эпосунан үзүндү окуп берейин деген мурдагы губернатор Дайыр Кенекеевди сүйлөтпөй койгонун айтып, муну Манасты сыйлабастык деп атаган.

Андан кийин Таласта 29-октябрда митинг өтүп, президенттин билдирүүсүнө нааразылык айтылган, катышуучулар Атамбаевдин кечирим суроосун талап кылышкан. Президенттик аппарат буга жооп кайтарып, мамлекет башчынын сөздөрүн туура кабыл алууга чакырган. Бүгүн ушундай эле талап менен Талас шаарындагы облустук администрациянын имаратынын алдында митинг өтүп жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG