Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Атамбаев Жээнбековдун инаугурациясын 24-ноябрга белгиледи


Сооронбай Жээнбеков жана Алмазбек Атамбаев. Бишкектеги жолугушуу. 3-ноябрь, 2017-жыл.
Сооронбай Жээнбеков жана Алмазбек Атамбаев. Бишкектеги жолугушуу. 3-ноябрь, 2017-жыл.

Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрга белгиленди.

Ага ылайык, ант берүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча он алты адамдан турган уюштуруу комитети түзүлдү. Аны жетектөө президенттик аппараттын жетекчиси Алмаз Үсөновго жүктөлдү.

Алмаз Үсөновдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, уюштуруу комитетине Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте инаугурацияны даярдоо боюнча программа иштеп чыгып бекитүү, салтанат өтүүчү жайды аныктоо, конокторду чакыруу тапшырмасы берилди. Ошондой эле Тышкы иштер министрлиги менен чогуу чет элдик делегациялардын келишин камсыздоо, өкмөткө ант берүү аземин өткөрүүгө кетчү каражатты бөлүү милдети артылды.

Кыргызстанда 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбеков 54,22 % добуш менен жеңип чыккан. БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын 30-октябрда жарыялады. Мыйзам боюнча расмий жыйынтык айтылгандан кийин 30 күн ичинде жаңы шайланган президент ант берип, кызматына киришүүсү керек. (NT)

XS
SM
MD
LG