Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Кыргызстан КМШ документине Казакстан боюнча өзгөчө пикир менен кол койду


Сапар Исаков
Сапар Исаков

Ташкентте өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйынында Кыргызстан “Эркин соода жүргүзүү” келишиминин аткарылышы жөнүндөгү документке өзгөчө пикир менен кол койду.

Келишимге кол коюу алдында премьер-министр Сапар Исаков документтин 7-пунктун Казакстан бузуп жатканын билдирди:

"Анда КМШ өлкөлөрүнүн товарларын ыңгайлуу транзит аркылуу жеткирүү каралган. Бирок Казакстан 10-октябрдан бери келишимдин түз бузуп жатканын көрүүдөбүз. Ушундан улам Кыргызстан эркин соода жүргүзүү боюнча 2011-жылы кабыл алынган келишим толук иштебей жатат”.

Бүгүн Ташкенттеги КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйынында 2011-жылы кабыл алынган “Эркин соода жүргүзүү” келишими ишке ашып жатканы боюнча маалымат берилип, соңунда премьер-министрлер бул документке кол коюшту.

Кыргызстан өзгөчө пикир менен макул болду. Мындан башка өкмөт башчылар транспорт, машина куруу, коопсуздук, бажы жаатында документтерге кол койду. (SDz)

XS
SM
MD
LG